Кочкордо бир күндө ар кайсы жерден табылган үч сөөктүн чоо-жайы аныкталды

© Sputnik / Табылды КадырбековПоиски беглых заключенных в жилмассиве "Энесай"
Поиски беглых заключенных в жилмассиве  Энесай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төө этектеринен сөөгү табылгандардын экөө эркек, бирөө аял киши болгон

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кочкор районунун тоо этектеринен сөөгү табылган үч кишинин экөө дайынсыз жоголуп изделип жаткан. Бул туурасында Нарын ОИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 14-ноябрда белгисиз адамдардын сөөгү табылгандыгы туурасында милицияга кабарланып, аларды ӨКМдин куткаруучулары алып чыгышкан.

"Сары-Булак айылындагы тоо боорунан белгисиз адамдын сөөгүнүн калдыктары табылды. Анын эркек экени жана Кочкордун Ормон хан айылында жашаганы аныкталды. Маркум 2013-жылдын апрель айынан бери дайынсыз болуп изделип жаткан. Ал эми Орто-Токой суусунан сөөгү табылган жаран дагы ушул жылдын 8-октябрынан бери кабарсыз болуп издөөгө алынган. Ал 35-40 жаштар чамасындагы эркек болчу. Ушул райондун Кочкор айылынын тургуну болгон", — деп айтылат маалыматта.

ДТП в Лейлекском районе на 24-м километре трассы Исфана — Ош - Sputnik Кыргызстан
Баткендеги жол кырсыгы: милиционер каза болуп, өзбекстандык үй-бүлө жаракат алды
Жогоруда белгилеген эки адамдын сөөгү туугандарына өткөрүп берилген.

Ал эми Теңдик айылынын Жылуу-Суу тилкесиндеги суу жээгинен сөөгү табылган жаран болжол менен 40-45 жаштагы аял. Учурда анын ким экени такталып жатат.

Ошондой эле аталган фактылар боюнча атайын экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0