БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Ош облусунда акыркы он ай ичинде жол кырсыгынан 116 адам каза тапкандыгын облустук Кайгуул милициясынын өкүлү Алтынбек Теңизбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, облус аймагында жыл башынан бери 635 жол кырсыгы катталган.
"Жыйынтыгында 116 адам каза болсо, 1114 адам денесинен ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага кайрылган. Айта келсек, ноябрь айынын биринен онуна чейин Ошто чуулгандуу жол кырсыктары көп катталды. Мындан улам облус аймагында "Үгүт жүрүш — 2017", "Көңүл бургула, балдар" аталышындагы рейддерди өткөрүп жатабыз", — деди Теңизбаев.
Аталган рейддер бүгүн, 15-ноябрь күнү, жыйынтыкталат.