06:00 23 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Баткен облусундагы жол кырсыктан каза болгондордун бири милиция кызматкери экен

Баткендеги жол кырсыгы: милиционер каза болуп, өзбекстандык үй-бүлө жаракат алды

© Фото / пресс-служба ГУПМ МВД КР
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстанда 2017-жылдын башынан берки жол кырсыктары (458)
80410

Каза болгон милиционер үч баланын атасы болчу

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Баткен облусундагы жол кырсыктан каза болгондордун бири милиция кызматкери экенин ИИМдин маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Жол кырсыгы 14-ноябрда Лейлек районунда эртең мененки саат 7:30дар чамасында Исфана — Ош жолунун 24-чакырымында катталган. Honda Stepwgn менен "Жигули" үлгүсүндөгү автоунаалар бет маңдай кагышкан.

ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, Stepwgn автоунаасынын 28 жаштагы айдоочусу жана 69 жаштагы жүргүнчүсү каза болгон. Андан сырткары, "Жигулини" айдап бараткан жаран да көз жумган. Ал Баткен ИИБдин кызматкери экени аныкталган. Ал 30 жашта болчу.

"Каза болгон милиционер боюнча маалымат тастыкталып жатат. Анын үч баласы бар экени маалым болду. Жол кырсыгынан 8 киши жаракат алган. Анын ичинде өзбекстандык үй-бүлө дагы бар. Каршы тилкеге ким чыкканы азырынча белгисиз. Бардык экспертизалар дайындалды", — деп маалымат кызматы билдирди.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Тема:
Кыргызстанда 2017-жылдын башынан берки жол кырсыктары (458)

Тема боюнча

Баткенде эки унаа кагышып, үч адам набыт болду. Кырсыктан кийинки ирмемдер
Бишкектеги жол кырсыгынан беш адам каза тапты
Жети-Өгүздө адам өмүрүн алган жол кырсыгы болду
Токтогулдагы жол кырсык төрт адамдын өмүрүн алды
Белгилер:
жол кырсыгы, Баткен
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ