БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Иранда жекшемби күнү болгон зилзаладан каза болгондордун саны 445 кишиге жетсе, жаракат алгандар 7000ден ашты. Бул тууралуу Press TV телеканалына таянып РИА Новости жазды.
Кызыл жарым ай уюмунун билдиришинче 70 миңден ашык адам турак-жайсыз калды.
Акыркы убакыттарда магнитудасы 3,6-4,7 баллга чейин жеткен 20 жолу жер титирөө катталып, жергиликтүү тургундар көчөдө түнөштү. Иран президентти Хасан Роуханинин буйругуна ылайык кырсык катталган жерде издөө иштери күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө. Жабыркагандарды ооруканаларга жеткирүү жана гуманитардык жардамдарды ташуу үчүн 145 даана тик учак тартылган. Жабырлануучулар тамак-аш, кийим-кече жана дары-дармектер менен камсыздалууда.
Буга чейин 129 адамдын өлгөнү жана миңден ашуун кишинин жаракат алгандыгы айтылган эле.