Ошто жолго чуркап чыга калган адамды унаа сүзүп каза тапты. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ГУПМ МВДОшто жөө адамды унаа коюп каза тапкан
Ошто жөө адамды унаа коюп каза тапкан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык Оштогу аэропортко кеткен жолдо болгон

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Ошто жөө адамды унаа коюп каза тапканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына ИИМдин Кайгуул милиция башкы башкармалыгынан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба ГУПМ МВДНаезд на пешехода в Оше
Наезд на пешехода в Оше - Sputnik Кыргызстан
Наезд на пешехода в Оше

Жол кырсыгы 13-ноябрь күнү саат 12.30дар чамасында Оштогу аэропортко кеткен жолдо болгон.

"Honda Stream үлгүсүндөгү унаанын 23 жаштагы айдоочусу жолго чуркап чыга калган аялды сүзүп кеткен. Жабырлануучу алган жараатынан улам ооруканадан көз жумган. Маркумдун жаш курагы такталып жатат", — деп маалымат кызматынан билдиришти.

Учурда унаа айып короого токтотулуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0