Жети-Өгүздө адам өмүрүн алган жол кырсыгы болду

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЧемпионат Омской области по автомногоборью "Слалом"
Чемпионат Омской области по автомногоборью Слалом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаракат алгандарга медициналык жардам көрсөтүлдү

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда кечээ, 12-ноябрь күнү, саат 18:50дө эки унаа кагышып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

"Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында "Нива" жана "Жигули" үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшкөн. Кырсыктан улам "Ниванын" айдоочусу каза болду. Ал эми "Жигулидеги" 29 жана 25 жаштагы жарандар жеңил жаракат алган",— деп айтылат маалыматта.

Жаракат алгандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0