Таласта турак жайдан өрт чыгып үй ээси күйүп кетти

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЗакрытие Международного военно-технического форума "Армия-2016"
Закрытие Международного военно-технического форума Армия-2016 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда өрттүн себептери такталып жатат

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Талас районунун Кара-Суу айылында турак үй күйүп, кырсыктан 46 жаштагы үй ээси көз жумганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, жыгач устундуу шифер жабылган үйдүн 91 чарчы метри болгон мүлкү менен өрттөнүп кеткен. Үй ээсинин күйүп калган сөөгүн кырсык болгон жерге келген куткаруучулар алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Учурда өрттүн себептери такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0