Бишкекте жоголгон окуучу кыздардын "саякаты". Окуянын чоо-жайын милиция айтып берди

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшПремьер-министр Темир Сариев посетил ряд объектов в городе Ош
Премьер-министр Темир Сариев посетил ряд объектов в городе Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыздардын Ошто туугандары, достору дагы болгон эмес

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Бишкекте жоголуп кеткен классташ кыздар Сезим Тургуналиева менен Азиза Мухамед кызы Ошко баруу үчүн акча чогултуп жүрүшкөн. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Сезимдин атасы билдирди.

Кыздар 9-ноябрда жоголуп, 11-ноябрда Оштон табылган. Алар Ош шаарына такси менен барышканы белгилүү болгон.

Сезимдин атасынын айтымында, кыздар Ошко 10-ноябрь түнү келишкен.

"Алар Ошко баруу үчүн акча чогултуп жүрүшкөн. Уюлдук аппараттарын дагы сатып салышыптыр. Милиционерлерге болсо "үйдө апаларыбыз уруша берет" деп айтышыптыр. Ооба, биздин үйдө деле кээде казан-аяк кагышат, бул нормалдуу эле көрүнүш. Улуу кызыбыз жайында ооруп калып, көңүлүбүздүн бардыгы ага бурулуп калган. Сезим чычалай берчү. Учурда кыздар Бишкекте, баары жакшы", — деди кыздын атасы.

Өчпөгөн үмүт, кургабаган көз жаш. Бүгүнкү күнгө чейин табылбай жаткан балдар - Sputnik Кыргызстан
Өчпөгөн үмүт, кургабаган көз жаш. Бүгүнкү күнгө чейин табылбай жаткан балдар
Ош шаардык ИИБдин маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине Ошто окуучу кыздардын туугандары, достору дагы жок экенин билдирди. Окуучу кыздар Бишкектеги "Дордой" базарына баратып таксисттен түштүккө жеткирип коюусун өтүнүшкөндө ал макул болгонун милицияга билдиришкен.

Кызыдардын бири үйүнөн коммуналдык төлөмдөргө даярдалган 2 миң сомду алып кеткен. Ошондой эле классташтар алтын чынжырларын дагы сатып салышкан.

Мейманканада жашагандыгы үчүн алар 5200 сом төлөшкөн. Ал эми мекеменин кызматкерлери укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн чакырууну туура көрүшкөн.

"Кыздар милиционерлерди көргөндө ыйлап жиберишти. Үйдөгүлөр аларды уруша берерин айтышып, башка себебин түшүндүрө алышкан жок. Ошко келип алып, эмне кылаарын билбей калышкан. Аларды алып кетүү үчүн келген ата-энелери дагы кыздарын көрүп ыйлап жиберишти", — деп маалымат кызматынан билдиршти.

ИИМдин өспүрүмдөрдүн иши боюнча инспекциясынын маалыматы боюнча өлкөдө жыл сайын 800 өспүрүм жоголот.

Жаңылыктар түрмөгү
0