Боомдо жолду бөлүп турган тосмону сүзгөн айдоочу каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек — Каракол унаа жолу. Архив
Бишкек — Каракол унаа жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милицияга билдирүү саат 16.00дө түшкөн, ушу тапта кырсык болгон жерде ыкчам топ иштеп жатат

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Боом капчыгайында жол кырсыгы болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp-каналы аркылуу окуянын күбөсү билдирди.

Анын айтымында, унаа бурулуштан кайрыла албай калып, эки бөлүп турган тосмону сүзгөн.

"Машина тең экиге бөлүнүп калган", — деп жазган окурман.

Жумгалда окуучуну унаа кагып, айдоочусу качып кеткен кырсыктын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Жумгалда окуучуну унаа кагып, айдоочусу качып кеткен кырсыктын видеосу
Ысык-Көл ОИИБи кырсык болгонун тастыктап, унаанын айдоочусу көз жумганын айтты.

Маалыматка ырайык, Кеминдин тургуну Nissan үлгүсүндөгү унаасы менен батыш тарапты көздөй баратып, рулга ээ боло албай калган да жолду эки бөлүп турган тосмону сүзгөн. Кырсыктан айдоочу көз жумган. Учурда анын аты-жөнү, жаш курагы жана унаа ичинде башка кишилердин бар-жогу такталып жатат.

Милицияга окуя тууралуу маалымат 16.00дө түшкөн. Ушу тапта ал жерде милиция кызматкерлери иштеп жатат.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0