Түндө Бишкекте тигүү цехи жайгашкан эки кабаттуу турак жай күйүп кетти

© Sputnik / Кейтлин Оукс / Медиабанкка өтүүӨрт өчүрүү кызматкери. Архив
Өрт өчүрүү кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрттү өчүрүүгө ӨКМдин төрт унаасы жана "Тазалык" ишканасынын бир автоцистернасы тартылган

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Борбор калаанын Биринчи Май районун Ильменская көчөсүндөгү эки кабаттуу турак жайдан өрт чыкты. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.

Өрт 10-ноябрь күнү болжол менен саат 23.30да чыккан. Аны өчүрүүгө ӨКМдин төрт өрт өчүрүү бөлүмү, "Тазалык" муниципиалдык ишканасынын бир суу ташуучу автоцистернасы тартылган.

"Өрт 180 чарчы метр аянтты жалмаган. Экинчи кабатында жайгашкан тигүү цехиндеги метериалдар жана 36 даана кийим тигүүчү машина күйүп кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Өрттүн жалыны саат 1.25де чектелип, 3.50дө толугу менен өчүрүлгөн. Кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0