Аэропорттун жолунда каза болгон жигиттин жакындары анын телефонун кайтарууну өтүнөт

© Фото / пресс-служба МЧСДТП с тремя погибшими по дороге в аэропорт "Манас"
ДТП с тремя погибшими по дороге в аэропорт Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоо органдары кырсык болгон жерге барганда айдоочулук күбөлүк менен паспортторду гана тапканын айтышкан

БИШКЕК, 10-ноя.—Sputnik. Бишкек — "Манас" аэропорту трассасында болгон жол кырсыктан каза болгондордун биринин жакындары анын телефонун кайтарып берүүнү суранышууда.

Кырсыктан каза болгондордун туугандарынын бири Айжан Байдалиеванын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришинче, милиционерлер маркумдун бир нече гана жеке буюмдарын кайтарып берген, анын ичинде телефон болгон эмес.

"Болгону документтерди гана кайтарып беришти. Байкебизди ооруканага алып баратканда телефон анын чөнтөгүндө экен. Бул тууралуу аны коштоп барган балдар айтышты", — деди Байдалиева.

Замглавы ГУПМ Ыманалы Саркулов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Саркулов: 10 айда 695 адам жол кырсыгынан каза болду
Бишкектин жанындагы жол кырсыктан каза болгон Максат Байдалиев ооруканага жеткирилгенде жанында телефону болгон эмес.

Айжан Байдалиеванын айтымында, телефон алар үчүн абдан баалуу, анткени ал жакта маркумдун акыркы сүрөттөрү бар.

Ал ортодо Чүй облустук Кайгуул милиция башкармалыгынан маалымдашкандай, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү барган кезде машинанын айланасында 50дөй киши болгон.

"Ыкчам топ келери менен кырсык болгон аймакты атайын тасма менен тоскон. Окуя болгон жерден биздин кызматкерлер документтерди гана тапкан, бирок телефон жок болчу", — деди мекеменин маалымат катчысы Тилек Исаев.

Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Момбеков: Кыргызстанда каскадерлордун кастинги өтүп жатабы?
Ал ошондой эле маркумдун жакындары телефон жоголгону боюнча арыз менен кайрылса, жол кырсыгын иликтеп жаткан ыкчам топ ал ишти дагы иликтей турганын кошумчалады.

Байдалиеванын айтымында, жол кырсыктан каза болгондор Озерное айылынан Бишкекти көздөй досун тосуп алуу үчүн баратышкан.

Жол кырсыгы 6-ноябрда Пригородное менен Достук айылдарынын ортосунда болгон. Катуу ылдамдыкта келе жаткан BMW даракты барып сүзгөн. Натыйжада төрт адам каза таап, бирөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Алдын ала маалымат боюнча айдоочу катуу ылдамдыкта бараткандыктан рулду башкара албай калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0