Чүй ОИИББ: "Инкар-Йакын" кыймылы эч бир мыйзамга баш ийбей келет

© AFP / MOHD RASFANПротест против преследования мусульманского этнического меньшинства Рохингья в Мьянме
Протест против преследования мусульманского этнического меньшинства Рохингья в Мьянме - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул агымдын өкүлдөрүнүн медицинага, билимге, үй-бүлөгө, туугандарга болгон кайдыгер мамилеси алардын ден соолугуна терс таасир этип, үй-бүлөлөрдүн урашына алып келүүдө

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында "Инкар-Йакын" диний радикалдык агымынын активисттери диндин негизги ролун, максатын бурмалап жатат. Алардын айынан дааватчылар кыймылы жаманатты болууда. Бул тууралуу Чүй ОИИББден кабарлашты.

Билдирмеге караганда, "Инкар-Йакын" кыймылынын мүчөлөрү Кыргызстандын мыйзамдарына баш ийбей, динди жайылтуу иштерин мечиттин имамдары менен макулдашпастан ишке ашырууда. Натыйжада өлкөдөгү мечиттерде вертикалдык кош структура пайда болду.

"Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы тарабынан даават кылуу процессин жөнгө салуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Бирок "Инкар-Йакын" кыймылынын өкүлдөрү муфтияттын ишин тааныбай келет", — деп айтылат маалыматта.

Мындан улам 2017-жылдын 15-июнунда "Инкар-Йакын" диний агымы экстремисттик деп табылып, Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Ошондой эле бул агымдын өкүлдөрүнүн медицинага, билимге, үй-бүлөгө, туугандарга болгон кайдыгер мамилеси алардын ден соолугуна терс таасир этип, үй-бүлөлөрдүн урашына алып келип жатканы маалыматта белгиленген.

Задержание подозреваемых в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жаштарды азгырып, эл аралык издөөдө жүргөн экстремист колго түштү
"Үстүбүздөгү жылдын 20-октябрында Беловодск айылындагы мечиттердин биринде кезексиз съезд өткөрүп жаткан "Инкар-Йакын" кыймылынын 47 жаштагы башкы лидери кармалган. Ал буга чейин 20 жолу Индия менен Бангладешке барып, жыл сайын өткөрүлчү жыйындарга катышып турган. Аталган идеологияны карманган бул жаран 2003-жылдан бери диний адабияттарды кыргыз, орус тилдерине которуп келген. Ал ошондой эле муфтияттын өкүлдөрүн сындоо менен "Инкар-Йакын" кыймылын түзгөн", — деп айтылат маалыматта.

Кармалган жарандын эки аялынан 12 баласы бар. Радикалдык кыймылдын идеологиясына ылайык, балдарын жалпы билим берүү мекемелерине барууга жана социалдык кызматтарды, анын ичинде медициналык кароодон өтүүгө тыюу салган.

28-октябрда аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 299-беренеси (улуттук, расалык, диний жана региондор аралык кастыкты жаратуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми 3-ноябрда Москва райондук соту тарабынан кармалган кишини №1 тергөө абагына эки айга камакка алуу чечими чыгарылган. Ошондой эле анын Беловодск айылындагы эки үйүн тинтүүгө алуу боюнча санкция берилген. Натыйжада 8-ноябрда шектүүнүн үйүнөн экстремисттик маанайдагы CD-дисктер, адабий китептер табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0