Токтогулдагы жол кырсык төрт адамдын өмүрүн алды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүАвтомобили скорой помощи. Архивное фото
Автомобили скорой помощи. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кырсык боюнча авто-техникалык экспертиза жүргүзүлүп жатат.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Бишкек — Ош трассасында эки унаа кагышып төрт адам каза тапты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Volvo менен Mersedes-Benz үлгүсүндөгү унаалар Токтогул районунун аймагынан сүзүшүп кеткен. Анын кесепетинен бир адам мүрт кетсе, үчөө ооруканадан жан берген.

Учурда авто-техникалык экспертиза жүргүзүлүп жатат, анын жыйынтыгына жараша кылмыш иши козголор-козголбошу белгилүү болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0