Токмокто жүк ташуучу унаа бус жана жеңил машина менен кагышып, бир киши каза болду

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖүк ташуучу унаа. Архив
Жүк ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куткаруучулар жеринен жардам көрсөткөн

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 9-ноябрда таңда Бишкек — Торугарт айланма жолунун 52-чакырымында үч автоунаа кагышып, бир киши каза болгонун ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, жүк ташуучу автоунаа Mercedes-Benz Гигант үлгүсүндөгү бусик жана Mazda жеңил машинасы менен кагышкан. Анын кесепетинен жеңил автоунаанын 28 жаштагы айдоочусу каза болгон.

Кырсык болгон жерге келген куткаруучулар каза болгон жаранды унаадан алып чыгып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0