Аэропортко бараткандагы жол кырсыгы: каза болгондор коңшу болуп чыкты

© Фото / пресс-служба МЧСДТП с погибшими по дороге в аэропорт "Манас"
ДТП с погибшими по дороге в аэропорт Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унаадагы беш адам тең Озорное айылындагы коңшу көчөлөрдө жашаган

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Бишкек — "Манас" аэропорту жолунда кырсыктап, каза болгон BMW унаасынын айдоочусу менен жүргүнчүлөрү коңшу болуп чыгышканын Чүй облустук Кайгуул милициясынан кабарлашты.

Күйүп жаткан автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күбө: айдоочу күйүп жатканда биз эч нерсе кыла алган жокпуз
Жол кырсыгы 6-ноябрда Пригородное менен Достук айылдарынын ортосунда болгон. Катуу ылдамдыкта келе жаткан BMW даракты барып сүзгөн. Натыйжада төрт адам каза таап, бирөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Алдын ала маалымат боюнча айдоочу катуу ылдамдыкта бараткандыктан рулду башкара албай калган.

Милициянын иликтөөсү унаа ичиндегилердин бардыгы Озерное айылынын тургундары экенин көрсөткөн. Экөө бир көчөдө, калгандары коңшу көчөлөрдө жашаган.

Учурда тергөөчүлөр жарандар кайда шашып баратканын аныктап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0