ШИИБ: 4-кабаттан курбусун түртүп ийген деп кыз менен жигит кармалды

Жазылуу
Кармалгандар эки айга убактылуу кармоо жайына киргизилди

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Бишкекте 4-кабаттан кулап, аман калган кызды курбусу түртүп ийген. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

Обрушение стены дома в Оше - Sputnik Кыргызстан
Ошто турак үйдүн дубалы кулап эки адам каза болду. Жеринен алынган сүрөттөр
Эске салсак, 2-ноябрь күнү таңга маал көп кабаттуу үйдөн кулап кеткен 23 жаштагы кыз Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Жабырлануучунун жаагы сынып, мээси чайкалып калганы белгилүү болгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында окуя болор алдында 6-кичирайондогу батирлердин биринде эки курбу жана алардын биринин жигити спирт ичимдиктерин ичип отурганы маалым болду.

"Саат 03:30дар чамасында кыздар уруша кетип, жигити менен чогуу отурган кыз курбусун 4-кабаттан түртүп ийген. Ага чейин алар жабырлануучуну ур-тепкиге алышкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш жана жаза кодексинин 104-беренеси (Ден соолугуна оор залака келтирүү) менен кылмыш иши козголду.

Анын алкагында кыз менен жигит кармалып, эки айга убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0