Чоң Чүй каналына бир үй-бүлө бараткан унаа түшүп кетип, ата-бала каза тапты

Жазылуу
Куткаруучулар унааны суудан чыгарып, каза болгон адамдардын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Кечээ, 7-ноябрь күнү, Чоң Чүй каналына кулап кеткен унаанын айдоочу менен баласы каза болгондугун ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бир үй-бүлө кетип бара жаткан Peugeot үлгүсүндөгү унаа ГЭС-5 жана Жер-Казар айылдарынын ортосундагы каналга түшүп кеткен.

"ӨКМдин Бишкек шаардык куткаруу кызматы барганга чейин айдоочунун жубайы, 18 жаштагы уулу жана беш жаштагы кызы унаадан өз алдынча чыгып кетишкен. Ал эми 42 жаштагы айдоочу жана алты жашар уулу кырсык болгон жерден каза болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Куткаруучулар унааны суудан чыгарып, каза болгон адамдардын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0