Бишкекте казак жарандарынан пара алган милиционер кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча санап жаткан адамдын архивдик сүрөтү
Акча санап жаткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Факты боюнча Башкы прокуратура Кылмыш жана жаза кодексинин 313-беренесинин бир нече бөлүгү менен кылмыш ишин козгоду

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Бишкек ШИИБинин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалгандыгын ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Все было хорошо, пока… — видео задержания подполковника со взяткой в КР - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте пара алып жаткан подполковник. Кармоо учуру
Билдирүүгө караганда, ИИМдин ички иликтөө кызматына Казакстандын эки жараны кайрылган. Алар Свердлов РИИБинин кызматкерлери Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөндүгү боюнча ишти оңунан чечип берүү үчүн 29-октябрь күнү сегиз миң сом алганын билдиришти. Ошондой эле эми дагы 20 миң сом сурап жатканын кошумчалашкан.

Кечээ, дүйшөмбү күнү ыкчам иликтөө тобу тарабынан милициянын лейтенанты 14 миң сом алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура Кылмыш жана жаза кодексинин 313-беренесинин бир нече бөлүгү менен (Пара алуу), (Пара талап кылуу) кылмыш ишин козгоду.

Жаңылыктар түрмөгү
0