Улан Саляновдун кайда жерге берилери белгилүү болду

© Sputnik / Олег Ласточкин / Медиабанкка өтүүМусульманское кладбище
Мусульманское кладбище - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туугандары Улан Саляновдун сөөгүн өлүкканадан алып кетишти

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Аида Салянованын инисин туугандары өлүкканадан алып кетишти деп билдирди мурдагы баш прокурордун жактоочусу Улан Жумаков.

Улан Саляновдун жакындарынын көз жашы. Маркумдун үйүнөн тартылган видео - Sputnik Кыргызстан
Аида Салянова каза болгон инисинин үйүнө келди. Видео
Милиция түнкү саат 1.30да белгисиз үч адам Улан Саляновдун үйүнө кирип барып, атып кетишкендигин кабарлаган.

Алдын ала берилген маалыматтарда кылмышкерлер ага эки ирет ок чыгарып, андан соң из жашырган. Салянов алган жаракатынан ооруканага жеткирилген соң каза тапкан.

Жактоочу Жумаковдун маалыматына караганда, сөөктү Ысык-Ата районунун Биринчи май айылына алып кетишти. Анын качан жерге берилерин айыл аксакалдары айтат.

Милиция маркумга кол салгандар түшүп кеткен деп ак түстөгү минивэн унаасын издеп жаткандыгын кабарлады. Бишкек жана Чүй облусунда "Перехват" планы жарыяланган.

Улан Саляновдун өлтүрүлүшү боюнча кенен маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0