Бүгүн Оштун бир нече айылдарында жер титиреди

© Фото / Александр ФедоровВид на современный город Ош
Вид на современный город Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер титирөөнүн очогу Карак-Суу районунан Алайга чейин жеткен

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 4-ноябрда саат 16.32де Ош облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы Сейсмология институтуна таянуу менен маалымдады.

Билдирмеге караганда, жер титирөөнүн күчү Алга-Бас, Каблан-Көл айылдырында 4 балл, Лаглан, Лангар, Тээке, Кара-Шоро, Курак айылдарында 3,5 балл, Гулчө, Кызыл-Туу, Алчалы айылдарында 3 баллга жеткен. Ал эми Ош шаарында 2,5-3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0