Бишкекте эл ташыган маршрутка оодарылып кетти — жабыркагандар бар

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота общественного транспорта в Бишкеке
Работа общественного транспорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маршрутка түндүк багытка бара жатып, бурулганда аны артындагы унаа капталга сүзгөн

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. "Ак-Босого" жаңы конушунда маршруттук микроавтобус оодарылып кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек шаардык кайгуул милициясынан билдиришти. 

Кырсык бүгүн, 2-ноябрь күнү чакан Чүй каналына жакын жайгашкан Профессор Зима көчөсүндө болду. №107 маршруттук каттам менен келе жаткан Mercedes Sprinter унаасынын ичинде жүргүнчүлөр болгон. 

"Маршрутка түндүк багытка бара жатып, бурулганда аны артында келе жаткан унаа капталга сүзгөн. Мындан улам эл ташыган унаа оодарылып кетти. Кырсыктын кесепетинен эки адам жабыр тартып, ооруканага тез жардам унаасы менен жеткирилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Ишти иликтөө шаардык милициянын тергөө бөлүмүнө берилип, экспертизалар белгиленди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0