Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулаган 7 браконьер кармалды

© Фото / пресс-служба Госэкотехинспекции КРРейд по выявлению браконьерства в Иссык-Кульской области
Рейд по выявлению браконьерства в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамэкотехинспекциясы Ысык-Көлдө браконьерлерге карата үч күн рейд өткөргөн

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Ысык-Көлдө жүргүзүлгөн үч күндүк рейдде үч мотор кайыгы кармалып, жети браконьерге протокол түзүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик экотехинспекциянын маалымат кызматы билдирди.

Рейд учурунда көлдүн түндүк жээгиндеги Ананьеводон Күрмөнтү айылына чейинки аралыктан үч жаран мотор кайыгы менен кармалган. Кайыгын текшергенде эки балык кармоочу тор жана 8 балык (сига) чыккан. Алар Түптүн Ак-Булуң айылынын жашоочулары болгон.

© Фото / пресс-служба Госэкотехинспекции КРЫсык-Көлдө жүргүзүлгөн үч күндүк рейдде үч мотор кайыгы кармалып, жети браконьерге протокол түзүлдү
Ысык-Көлдө жүргүзүлгөн үч күндүк рейдде үч мотор кайыгы кармалып, жети браконьерге протокол түзүлдү - Sputnik Кыргызстан
1/3
Ысык-Көлдө жүргүзүлгөн үч күндүк рейдде үч мотор кайыгы кармалып, жети браконьерге протокол түзүлдү
© Фото / пресс-служба Госэкотехинспекции КРРейд учурунда көлдүн түндүк жээгиндеги Ананьеводон Күрмөнтү айылына чейинки аралыктан үч жаран мотор кайыгы менен кармалган.
Рейд учурунда көлдүн түндүк жээгиндеги Ананьеводон Күрмөнтү айылына чейинки аралыктан үч жаран мотор кайыгы менен кармалган. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Рейд учурунда көлдүн түндүк жээгиндеги Ананьеводон Күрмөнтү айылына чейинки аралыктан үч жаран мотор кайыгы менен кармалган.
© Фото / пресс-служба Госэкотехинспекции КРКайыгын текшергенде эки балык кармоочу тор жана 8 балык (сига) чыккан.
Кайыгын текшергенде эки балык кармоочу тор жана 8 балык (сига) чыккан. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Кайыгын текшергенде эки балык кармоочу тор жана 8 балык (сига) чыккан.
1/3
Ысык-Көлдө жүргүзүлгөн үч күндүк рейдде үч мотор кайыгы кармалып, жети браконьерге протокол түзүлдү
2/3
Рейд учурунда көлдүн түндүк жээгиндеги Ананьеводон Күрмөнтү айылына чейинки аралыктан үч жаран мотор кайыгы менен кармалган.
3/3
Кайыгын текшергенде эки балык кармоочу тор жана 8 балык (сига) чыккан.

"Кармалгандардын балык уулоого уруксат берилген документтери жок болуп чыкты", — деди Мамэкотехинспекциянын Ысык-Көл облусундагы экологиялык коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси.

Үч күндүк рейддин алкагында 8 чакырымдык балык уулоочу тор жок кылынып, жети браконьер кармалган. Аларга административдик кодекстин 149-беренеси боюнча айып пул салынат. Бул боюнча сот жакынкы күндөрү өтөт.

Ошондой эле мындай рейддер тынбай жүргүзүлө турганы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0