Бишкектеги жол кырсыктын чоо-жайы. Айдоочу авария алдында машинадан секирип кеткен

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуКрупное ДТП с участием грузовика Howo, микроавтобуса и легковушки в Бишкеке
Крупное ДТП с участием грузовика Howo, микроавтобуса и легковушки в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаанын Гагарин жана Садырбаев көчөлөрүндө болгон жол кырсыктын күбөлөрү ал кандайча болгонун айтып беришти

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Howo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу башка машиналар менен кагышканга чейин машинадан секирип кеткен. Бул тууралуу кырсыкка күбө болгондор Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Гагарин көчөсүндөгү жол кырсыгына чейин жүк ташуучу автоунаа жол тандабасты сүзгөн. Андан кийин ылдый кетип, башка автоунаалар менен сүзүшкөнгө чейин машинадан секирип кетти", — деди күбө.

Борбор калаада 3 адам жабыркаган жол кырсыктын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Борбор калаада 3 адам жабыркаган жол кырсыктын видеосу
Алдын ала маалымат боюнча жүк ташуучу автоунаанын тормозу кармбай калган. Жол кырсыктын чоо-жайын милиция иликтөө аягына чыккандан кийин билдирет.

Бүгүн, 2-ноябрда саат 11:00дөр чамасында Гагарин жана Садырбаев (мурдагы Бах) көчөлөрүнүн кесилишинде Howo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа Mercedes Sprinter микроавтобусу жана Volksvagen Golf 3 машиналары менен кагышкан. Жүк ташуучу автоунаанын айдоочусун кошкондо жалпысынан беш киши ооруканага жаткырылган, алардын экөө жаш балдар.

Жаңылыктар түрмөгү
0