Ошто мас абалында адам өлтүрүүгө шектелген киши кармалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовКолунда бычак кармаган адам. Архив
Колунда бычак кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышка шектелип Ноокат районунун 27 жаштагы тургуну кармалган

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Ош шаарында 51 жаштагы кишинин сөөгү табылганын Ош ШИИБден кабарлашты.

© Sputnik / Зульфия ТуруноваШектүү
Подозреваемый в убийстве бездомного человека в Оше - Sputnik Кыргызстан
Шектүү

Билдирмеге караганда, 1-ноябрь күнү саат 2.30дар чамасында 40-45тер чамасындагы эркек кишинин сөөгү табылган.

"Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде каза болгон адам Чүй облусунда туулган 51 жаштагы жаран экени жана анын туруктуу жашаган жери жок болгону аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми кылмышка шектелип Ноокат районунун 27 жаштагы тургуну кармалган. Ал бул кылмышка мас абалында барганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0