Жумгалда көмүр казып жаткан киши шахта алдында калып каза тапты

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүШахтер. Архив
Шахтер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сөөктү 15 метер тереңдиктен алып чыгышты

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Жумгал районунун Миң-Куш айылынын Ак-Улак участкасындагы шахтада өз алдынча көмүр казып жаткан киши уранды алдында калып каза тапканын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 30-октябрь күнү болгон. 61 жаштагы маркум Миң-Куш айлынын тургуну болчу. Окуя болгон жерге эки куткаруучу жана 15 жергиликтүү жашоочу тартылган.

Сөөктү 15 метр тереңдиктен саат кечки 7.50дө алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0