Бишкекте ураган курулуш: прокуратура бир нече адамга кылмыш ишин козгоду

© Sputnik / Табылды КадырбековОбрушение части строящегося здания в Бишкеке
Обрушение части строящегося здания в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Прокуратура окуяга мамлекеттик органдардын дагы, курулуш компаниясынын дагы кызматкерлерин күнөөлөп жатат

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Бишкектин Октябрь райондук прокуратурасы шаардагы курулуп жаткан объектинин урап калышы боюнча Мамэкотехинспекциясынын жана "А.С" ЖЧКсынын кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.

Обрушение части строящегося здания в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Фотофакт: Бишкекте курулуп жаткан имараттын урап калган бөлүгү
Курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн жанындагы курулуш 23-октябрь күнү урап, андан 11 адам жабыркаган.

Уранды түшкөн жердин аянты 740 чарчы метрди түздү.

Октябрь райондук прокуратурасынын билдиргенине караганда, Мамэкотехинспекциясынын кызматкерлери Аалы Токомбаев жана Сухэ-Батор көчөсүнүн кесилишиндеги 14 кабаттуу үйдүн курулушуна тиешелүү көзөмөл жүргүзбөгөнү аныкталды.

"Кырсык болгондон кийин мамлекеттик органдын кызматкерлери "А.С." ЖЧКсынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып, 2017-жылдын май-август айларында текшерүү иштери жүргүзүлгөн деген документти жасашкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Кызматкерлерге КР Кылмыш жана жаза кодексинин 304 (Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу), 315 (Кызматтык жасалмачылык) жана 221-беренелери (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0