Элчилик: Москвада кыргыз жараны ок жеп жаракат алган

© Sputnik / Владимир Воронин / Медиабанкка өтүүМушташтан жабыркаган адам. Архив
Мушташтан жабыркаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москванын Черемушки аймактык полициясы Кыргызстандын жараны жаракат алганын тастыктаган

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кыргызстандын жараны ок жеп жарадар болгону тууралуу WhatsApp тиркемесине тараган маалыматты тактоо үчүн КРдин Россиядагы элчилигинин жана ИИМинин өкүлдөрү аймактык полицияга кайрылышты. Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты.

Билдирмеге караганда, Москванын Черемушки аймактык полициясы Кыргызстандын жараны жаракат алганын тастыктаган.

"Кыргызстандын 31 жаштагы жараны дүкөндүн чыга беришинде жергиликтүү тургундар менен кайым айтыша кетип, ок жеген. Учурда процессуалдык чечим чыгаруу үчүн материалдар топтолуп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Кыргыз жаранынын абалын билүү үчүн элчиликтин кызматкерлери №1 шаардык ооруканасына барышканда жабырлануучунун башы жарылып, мээси чайкалганы белгилүү болгон.

Ээлчилик бул маселени өз көзөмөлүнө алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0