19:34 09 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD77.8000
  • EUR84.5647
  • RUB1.0428
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
1101 0 0

Кылмышты жашыруу үчүн өлгөн аялдын сөөгү бир жума мурда окуя болгон үйдүн короосуна көмүлгөн

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Чүй облусунда аялды өлтүрүп, үйдүн короосуна көөмп коюшканын региондун ИИБинен билдиришти.

26-октябрь күнү Жайыл районунун участкалык милиция кызматкери өзүнө караштуу аймакты карап жүрүп, тургундардан Алтын айылындагы үйлөрдүн биринин короосуна аялдын сөөгү көмүлүшү мүмкүн деген маалымат алган.

Милиционер ошол үйдү текшерүү маалында короодо чындап эле 30-35 жаштагы аял көмүлгөнү тастыктаган.

Окуя болгон жерге барган ыкчам-иликтөө тобу үй ээсинин 36 жаштагы тууганы шектелүүчү катары кармалды. Ал күнөөсүн мойнуна алып, 19-октябрда кызганычтын айынан аялды башка чаап өлтүрүп алганын айтып берди.

"Жаракат алган аял ошол замат жан бериптир. Ал эми өлтүргөн киши кылмышын жашыруу максатында сөөктү үйдүн короосуна көөмп салган", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул факты боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Каза болгон аял Талас облусунун 30 жаштагы тургуну экени белгилүү болду.

Тема боюнча

Баткендеги шахтада ууланып бир нече киши каза тапты
Белгилер:
аял, кызганыч, өлүм, Чүй району

ЭҢ МААНИЛҮҮ