10:41 20 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8031
  • EUR77.6699
  • RUB1.0915
АКШ доллларлары. Архив

Бишкекте кагазды долларга айланткан африкалык "сыйкырчылар" кармалды

© AFP 2019 / PATRICK LIN
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
1112 0 0

Шектелүүчүлөр кармалган маалда алардын жанынан медициналык маска, конверттер, кара түстөгү порошок жана түзсүз суюк зат табылган

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Бишкекте шылуунчулукка шектелип, Африка республикаларынын жарандары кармалганын ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, алар элге кагазды долларга алмаштырып беребиз деп өз кызматтарын сунуштап келишкен.

"Африкалыктар шаар тургундарынан ири суммадагы акча алып, аны эки эселеп көбөйтүп беребиз дешчү. Ошол маалда алар кадимки эле кара түстөгү кагаздын кантип акчага "айланарын" дагы көрсөтүп беришчү. Шылуундардын кайырмагына ишенчээк адамдарды илинип келген", — деп айтылат билдүүдө.

Бул тууралуу маалымат ички иштер органдарына түшкөн.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракети менен Бишкектин Калык Акиев көчөсүнөн Камерун өлкөсүнүн 53 жана 50 жаштагы эки жараны кармалды.

Шектелүүчүлөр кармалган маалда алардын жанынан медициналык маска, конверттер, кара түштөгү порошок жана түзсүз суюк зат табылган.

Алдымчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Тема боюнча

90-жылдардагы жылмайткан, муңайткан кылмыштар. Улам тонолгон элчи, адашкан "Жигули"
Белгилер:
шылуун, доллар, Африка, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ