Россияда элди автоунаа менен койдурууга ниеттенген делген КР жаранынын соту болот

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүРассмотрение ходатайства следствия об аресте обвиняемых в подготовке терактов в Москве в Мещанском суде столицы
Рассмотрение ходатайства следствия об аресте обвиняемых в подготовке терактов в Москве в Мещанском суде столицы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыпталуучу Россиянын Киров аймагынын тургундарын террорчулукка үгүттөгөн деп шектелип жатат

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Киров облусунда теракт жасоого даярдык көрүүгө шектелип жаткан 23 жаштагы кыргызстандыктын соту болот. Бул тууралуу аймактык Тергөө комитетинин сайтына жарыяланды.

Шектүүнү кармоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балдарды азгырып, Кыргызстанда теракт жасоого келген киши кармалды
Тергөөнүн маалыматтарына караганда, шектүү өткөн жылдын жай айларынан тарта үстүбүздөгү жылдын жазына чейин социалдык тармактарга Кировдун жашоочуларын теракт жасоого жана террордук уюмга кирүүгө үгүттөгөн материалдарды жайгаштырып келген. Ошондой эле ал "жүк ташуучу унаа менен Москвадагы коомдук жайлардын биринен элди тебелетүүнү пландап жүргөнү" маалымдалган.

Учурда кылмыш иши сотко өттү. Кармалган киши террорчулукту жактоо жана теракт уюштурууга аракет жасаган деп айыпталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0