Россиянын Саратовунда унаа оодарылып, беш кыргызстандык жабыркады

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жабыркагандардын аты-жөнү такталууда.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. 23-октябрда саат 10:50дө (Бишкек убактысы боюнча) Россиянын Саратов облусунда Р-236 "Энгельс — Ершов — Озинки" трассасынын 103-чакырымында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаа жол кырсыгына кабылган. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

"Жол кырсыктын кесепетинен Кыргызстандын беш жараны (2 аял, 3 эркек) жабыркап, Федоров райондук ооруканасына жеткирилген. Айдоочу жабыркаган эмес", — деп айтылат маалыматта.

Учурда жабыркагандардын аты-жөнү такталууда.

РИА Новости агенттигинин билдиришинче, Honda Stepwgn жол жээгине чыгып, оодарылып калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0