Чаткалда эки жашар кыз сууга агып кетти

© AP Photo / Rick BowmerГорная река в Юте. США
Горная река в Юте. США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Наристе Чат суусунун жээгинде ойноп жүргөнү айтылууда

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Чат районундагы Каныш-Кыя аймгында 21-октябрда кечки саат бештер чамасында эки жашар кыз Чаткал дарыясынын жээгинде ойноп жатып сууга түшүп агып кеткен.

"22-октябрда эртең менен 15 куткаруучу, 12 тууганы, райондук ички иштер бөлүмүнөн 12 кызматкер — жалпы 39 адам издөө жумуштарын жүргүзүп, саат 09:55те кыздын сөөгүн таап туугандарына өткөрүп беришкен", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ кичинекей балдарды кароосуз калтырбоону ата-энелерге эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0