Таластагы жол кырсыгы эки адамдын өмүрүн алды

© Sputnik / Таалай ОроскуловАрка в Таласской области
Арка в Таласской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта жабырлануучулар ооруканада

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Талас районундагы Чоң-Токой менен Арал айылдарынын ортосунда болгон жол кырсыгы эки адамдын өмүрүн алганын ӨКМ билдирди.

Ысык-Көлдөгү жол кырсыгынан каза тапкан израилдик жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандан кеткиси келчү эмес. Жол кырсыгынан каза болгон израилдик тууралуу
Маалыматка ылайык, 22-октябрь күнү Honda CR-V менен Volkswagen унаалары кагышып, экинчи машинанын 59 жаштагы айдоочусу менен бир жүргүнчүсү каза болгон. Дагы эки киши жабыркаган. Ал эми Honda CR-V унаасын айдап бараткан адам соккудан улам кыпчылып калган.

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар машина ичиндегилерди сыртка чыгарып, набыт болгондордун сөөгүн алып чыгып беришкен. Жабырлануучулар ооруканада.

Жаңылыктар түрмөгү
0