Сокулукта ЗИЛ автоунаасы бир тууган кыздарды сүзүп кетти

© Sputnik / Владимиров / Медиабанкка өтүүАрмейский грузовик ЗИЛ-131
Армейский грузовик ЗИЛ-131 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 20-октябрда кечки саат жетилет чамасында катталган.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук районунда ЗИЛ автоунаасы эки бир тууган кызды коюп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Чүй облустук ИИБи билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 20-октябрда кечки саат жетилер чамасында катталган.

"Национальный айылынын Москва көчөсүндө ЗИЛ автоунаасынын 38 жаштагы айдоочусу төрт жана 14 жаштагы эки бир тууган кызды сүзүп кеткен. Кырсыктан жабыркаган кыздар дароо Сокулук райондук ооруканасынын травматология бөлүмүнө жактырылган. Алар олуттуу жаракат алышкан эмес",— деп жазылат маалыматта.

Чүй облустук ИИБи кыздар катуу жараат албагандыктан ата-энеси айдоочуга жазган арызынан баш тарткандыгын кошумчалап, эки тарап сүйлөшүү жолу менен чечишип алганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0