Бишкекте диний-экстремисттик уюмдун мүчөсү делген чет өлкөлүк кармалды

© AFP / ANTHONY WALLACE Кол кишенчен адам. Архив
Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган жаран экстремисттик мүнөздөгү кылмыш жасаганы үчүн эл аралык издөөгө алынган

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Бишкекте 14-октябрь күнү эл аралык издөөдө жүргөн диний-экстремисттик уюмдун мүчөсү кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

© Фото / пресс-служба ГКНБЗадержанный по подозрению в экстремизме
Задержанный по подозрению в экстремизме - Sputnik Кыргызстан
Задержанный по подозрению в экстремизме

Билдирмеге караганда, контртеррордук иш-чаралардын жүрүшүндө террордук жана экстремисттик иштерге байланышы бар делип ШКУга кирген мамлекеттердин атайын кызматтары тарабынан изделип жаткан жаран кармалды. Ал экстремисттик мүнөздөгү кылмыш жасаганы үчүн эл аралык издөөгө алынган. Кармалган жаран 41 жаштагы КМШга кирген өлкөлөрдүн биринин жараны.

Учурда аны менен байланышы бар адамдарды издөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0