Ош — Эркечтам жолунда 39 жаштагы кишини унаа коюп каза тапты. Айдоочу изделүүдө

© Фото / Зульфия ТургуноваНаезд на пешехода в селе Баш-Булак
Наезд на пешехода в селе Баш-Булак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя бүгүн, 15-октябрь күнү эртең менен саат 8.00 чамасында Ош -Эркечтам жолунун 17-чакырымында катталган.

ОШ, 15-окт. — Sputnik. Кара-Суу районунун Баш-Булак айылында 39 жаштагы эркек кишини унаа коюп кетип, каза болду. Бул тууралуу облустук кайгуул милициясынын маалымат катчысы Айбек Бечелов билдирди.

Анын айтымында, окуя бүгүн 15-октябрь күнү Ош-Эркечтам унаа жолунун 17-чакырымында катталган.

"Белгисиз унаанын айдоочусу 39 жаштагы Баш-Булак айылынын жашоочусун койдуруп, жардам бербестен изин жашырып качып кеткен. Жабырлануучу алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза тапкан", — деди Бечелов.

Ал кошумчалагандай, учурда Кайгуул милиция кызматкерлери белгисиз айдоочуну аныктоо боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Эгерде окуяга күбө болгондор же айдоочу тууралуу маалымат билген жарандар болсо милицияга кабар берүү сунушталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0