Бишкек — Ош жолунда мас айдоочунун айынан бир аял каза тапты

© Sputnik / Зульфия ТургуноваКара-Суу районундагы Савай айылынын жашоочусу унаа коюп кетип каза болду
Кара-Суу районундагы Савай айылынын жашоочусу унаа коюп кетип каза болду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 13-октябрда түнкү саат 01:00дөр чамасында болгон

ОШ, 13-окт. — Sputnik. Кара-Суу районундагы Савай айылынын жашоочусу унаа коюп кетип каза болду. Бул тууралуу облустук кайгуул милициясынын маалымат катчысы Айбек Бечелов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, окуя 13-октябрда түнкү саат 01:00дөр чамасында Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында болгон.

"Бишкек — Ош унаа жолунун 633-чакырымында Өзгөндөн Ош шаарын көздөй келе жаткан айдоочу жол эрежесин бузуп, Golf-3 үлгүсүндөгү унаасы менен жолдун экинчи тарабына өтүп бараткан 65 жаштагы аялды койдуруп кеткен. Жабырлануучу аял алган жараатынан улам ооруканага жетпей каза болгон", — деди Бечелов.

Маалымат катчы наркологиялык борбордон текшерүүдөн өткөн айдоочунун мас экенин аныктаган.

Ал кошумчалагандай учурда аялдын сөөгү соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн Кара-Суу райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жайына алып келинди. Айдоочунун унаасы айып короого киргизилип, тергөө амалдары башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0