Ош: жолдон өтүп баратканда унаа коюп кеткен аял ооруканага жетпей көз жумду

© Sputnik / Зульфия ТургуноваКара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылынын жашоочусу унаа коюп кетип каза болду
Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылынын жашоочусу унаа коюп кетип каза болду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 12-октябрда кечки саат 21:30дар чамасында Бишкек-Ош жолунун 633-чакырымында катталган

ОШ, 13-окт. — Sputnik. Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылынын жашоочусу унаа коюп кетип каза болду. Бул тууралуу облустук кайгуул милициясынын маалымат катчысы Айбек Бечелов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, окуя 12-октябрда кечки саат 21:30дар чамасында Бишкек — Ош жолунун 633-чакырымында катталган. Унаа аялды жолдон өтүп баратканда коюп кеткен.

"Жалал-Абад шаарынын 22 жаштагы тургуну өзүнө таандык Subaru Legacy үлгүсүндөгү унаасы менен Ош шаарынан Өзгөндү көздөй келе жаткан. Жаңы- Арык айылында жолдон өтүп бараткан ошол эле айылдын тургунун — 39 жаштагы аялды унаасы менен коюп кеткен. Жабырлануучу аял алган жараатынан улам Куршаб аймактык ооруканасына бара жатып жолдо каза болгон", — деди Бечелов.

Ал кошумчалагандай, учурда аялдын сөөгү соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн Кара-Суу райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жайына алып келинди. Айдоочунун унаасы айып короого киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0