01:05 24 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Камактагы адам. Архив

Москва: акча үчүн токойдо мекендешин барымтага алган кыргыздар кармалды

© Sputnik / Григорий Сысоев
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
1158 0 0

Кыргызстандын Россиядагы элчилилигине 22 жаштагы келин жолдошун белгисиз адамдар уурдап кеткенин айтып жардам сурап кайрылган

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Москавда кыргыз жаранын барымтага алып акча талап кылган балдар кармалды. Бул тууралуу КМШ аймагында уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш иштерин координациялоо боюнча бюронун директорунун орун басары Аскат Алиев Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, 11-октябрда Кыргызстандын Россиядагы элчилигине 22 жаштагы келин белгисиз адамдар жолдошун уурдап кеткенин айтып арыз менен кайрылган.

"Ал белгисиз адамдар жолдошун бошотуу үчүн 250 миң рубль талап калып жатканын айткан. ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү Москва шаарынын Кылмыш иликтөө башкармалыгы менен биргеликте иш алып барып, 12-октябрда кылмышка шектүү катары 20 жана 21 жаштагы Кыргызстандын жарандарын кармады", — деп жазган Алиев.

Жабырлануучунун жубайынын көрсөтмөсүндө үч бала өздөрүн кылмыштуу топтун мүчөсү катары тааныштырган.

"Алар жабырлануучуну күч колдонуп Solaris унаасына салып кеткен. Аны токойго алып барып уруп-согуп акча талап кылышкан. Андан соң жабырлануучуну коркутуу жолу менен жакындарына телефон чалдырып карточкаларына 50 миң рубль котортушкан", — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланып, кармалгандардын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу аныкталып жатат.

Тема боюнча

Красноярскиде бир тууган кыздардын өлүмү боюнча кыргызстандык соттолду
Көлдө кошуна аялды зордуктап, күйөөсүн сабап салган деп милиционер кармалды
Белгилер:
опузалоо, кылмыш, Аскат Алиев
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ