УКМК: Сириядан келип терактыларды уюштурууга камынган киши кармалды

© Фото / пресс-служба ГКНБЗадержание гражданина Кыргызстана по подозрению в подготовке и совершении терактов
Задержание гражданина Кыргызстана по подозрению в подготовке и совершении терактов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колго түшүрүлгөн жаран 2013-жылы өлкөдөн чыгып Сирияга кеткен

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстандагы абалды туруксуздаштыруу максатында террордук актыларды уюштурууга камынган деп шектелип бир киши кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, колго түшүрүлгөн жаран 39 жашта. Ал 2013-жылы өлкөдөн чыгып Сирияга кеткен. 

© Фото / пресс-служба ГКНБКыргызстандагы абалды туруксуздаштыруу максатында террордук актыларды уюштурууга камынган деп шектелип бир киши кармалды
Задержанный по подозрению в подготовке и совершении терактов - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы абалды туруксуздаштыруу максатында террордук актыларды уюштурууга камынган деп шектелип бир киши кармалды

"Шектүү "Сайфуллах аш Шишани" башында турган "Джабхат Фатх аш Шам" (мурунку "Джабхат ан Нусра") террордук тобунун катарына кошулуп, өкмөттүк күчтөргө каршы согуштук аракеттерге катышкан. 2016-жылы эл аралык террордук уюмдардын башчыларынын тапшырмасы менен Борбор Азияга келип, террордук акцияларды ишке ашырууга даярданып жүргөн", — деп айтылат маалыматта.

Учурда бул боюнча кылмыш ишин козгоо маселеси каралып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0