Ат-Башыда Sprinter аласалып айдоочусу каза болду

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүПередача машин скорой медицинской помощи Свердловской области
Передача машин скорой медицинской помощи Свердловской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унаа ээси рулду башкара албай калган

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 375-чакырымында Sprinter кырсыктап, айдоочу каза болгонун ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ Ат-Башы районунун аймагында саат 12.26лар чамасында болгон. Рулга ээ боло албай калган айдоочу жолдон чыгып кеткен. Анын кесепетинен унаа аласалып кеткен.

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар каза болгон айдоочунун сөөгүн чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0