Ысык-Көлдө 27 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип, бир туугандар кармалды

Жазылуу
Азыркы учурда шектүү адамдар райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, аталган факты боюнча кылмыш иши козголду

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Ысык-Көл районунун Бостери айылында 27 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип эки адам кармалгандыгын Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Окуя кечээ, 10-октябрь күнү эртең менен Бостери айылында болгон.

"Саат 7.00дөр чамасында Ысык-Көл райондук милициясына оор жаракат алган кыз ооруканага Тез жардам унаасы менен жеткирилгендиги кабарланган. Окуя болгон жерге барган тергөө-ыкчам тобу күбөлөрдү сураштырганда, жарадар аял кишини көчөдө жаткан жеринен таап алгандары белгилүү болду", — деп айтылат маалыматта.

Колунда бычак кармаган адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Согончогуман тиштеген аялды өлтүрүп салдым... Сентябрдагы үрөй учурган 9 окуя
Милиция ал Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын 27 жаштагы тургуну экендигин жана оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн эсине келбеген бойдон көз жумганын билдирди.

Окуядан көп өтпөй эле  тартип сакчылары кылмышка шектүү адамды колго түшүрдү. Алар Бостери айылында жашаган 31 жана 32 жаштагы бир туугандар болуп чыкты.

Азыркы учурда шектүү адамдар райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0