Өзгөндө 50 жаштагы кишини унаа коюп каза тапты, айдоочу изделүүдө

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каза болгон адам Өзгөн районунун Мырзаке айылынын 50 жаштагы жашоочусу экендиги аныкталды

ОШ, 9-окт. — Sputnik. Өзгөндүн Мырзаке айылында эркек кишини унаа коюп каза тапты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине облустук Кайгуул милициясынын маалымат катчысы Айбек Бечелов билдирди.

Анын айтымында, окуя 9-октябрга караган түнү Өзгөн — Кара-Кулжа унаа жолунун 12-чакырымында катталган.

"Азият улутундагы эркек кишини унаа коюп кетип, айдоочусу качып кеткен. Жабырлануучу Өзгөн аймактык ооруканасында алган жараатынан улам көз жумду. Маркум Мырзаке айылынын 50 жаштагы тургуну экени аныкталды", — деди Бечелов.

Облустук Кайгуул милиция киши өлүмүнө себепкер болгон айдоочуга издөө жарыялады.

Жаңылыктар түрмөгү
0