Ноокенде КамАЗ менен Sprinter кагышып, бир киши каза болду

© Sputnik / Александр ФедоровПеревал Тоо-Ашуу на автодороше Бишкек - Ош
Перевал Тоо-Ашуу на автодороше Бишкек - Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы Бишкек — Ош жолунун 411-чакырымында катталган

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 7-октябрда таңкы саат 6:00дөр чамасында КамАЗ менен Mercedes Benz Sprinter кагышып, бир киши каза болгон. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жол кырсыгы Бишкек — Ош жолунун 411-чакырымында катталган. Sprinter үлгүсүндөгү машинанын 44 жаштагы айдоочусу кырсык болгон жерде каза болгон. Ал эми КамАЗ жүк ташуучу автоунаасынын 33 жаштагы айдоочунун буту сынып, тез жардам кызматы менен Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жеткирилген.

Окуя болгон жерге 11 куткаруучу барып, жардам көрсөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0