Согончогуман тиштеген аялды өлтүрүп салдым... Сентябрдагы үрөй учурган 9 окуя

© Sputnik / Табылды КадырбековКолунда бычак кармаган адамдын архивдик сүрөтү
Колунда бычак кармаган адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күздүн алгачкы айында өлкө аймагындагы соттор жүздөгөн иш карап чыккан. Sputnik Кыргызстан алардын ичинде төбө чачты тик тургузган тогуз окуяны сунуштайт.

Күйөөсүн эскерем деп киши колдуу болгон аял

Жолдошу каза болгон аял маркумду эскерип коюну чечип, үйүнө курбусун жана кар күрөп берген 32 жаштагы жигитти чакырат. Дасторкон үстүнөн арак ичип, анысы түгөнүп калгандан кийин үй ээси күрөң түстөгү суусундукту алып чыгып меймандарды коноктойт.

Андан кийинки окуяны соттолгон киши мындайча сүрөттөйт: "аялдын тырмактары өсүп кетти, бети шишип, бычак менен кол салгандан кийин согончогуман тиштеп алды. Ага экинчи аял да кошулуп, экөөлөп жармашты". Жигит эки келинди тең өлтүрүп үйдү өрттөп ийген. Бул кылыгы үчүн эми ал 50 жашында түрмөдөн чыкмай болду.

Таштандыдагы кырсык

Эки жигит кыздар менен менен таштанды жайында спирт ичимдигин ичип отуруп уруша кетишет. Сөздөн-сөз чыгып отуруп уруш мушташка айланып, бирөө экинчисин бычак менен сайып салат. Жабырлануучу ооруканага жеткирилет. Ал жактан эсине келгенден кийин жаткан жеринен туруп, оорукананын чатырына чыгып боюн таштап жиберген. Ал эми ага бычак урган жигитти сот беш жылга эркинен ажыратты.

Мейманканадагы майрам

Случаи поножовщины в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы соттор эмне менен алек? Августтагы ооз ачырган 9 окуя
Жазасын жатак абагында өтөп жаткан 22 жаштагы адам уруксат алып кичи мекенине жөнөйт. Кайра түрмөгө келе жатып досу менен кичине майрамдап коюуну чечет. Эки кыз менен чогуу мейманканадан бөлмө алып, ал жакта отуруш өткөрөт. Түн ортосунда администратор аларды текшерип мас болгон төртөөнү тең кууп чыгат. Бирок жаштардын майрамы аны менен токтобой мейманкананын алдында уланат. Ал жерден дагы аларды кетирүүгө аракет кылган администраторду абакка бараткан жигит муунтуп, сабап салган. Мындай жоругу үчүн анын төрт жылдык жаза мөөнөтүнө дагы бир жыл кошулду.

Велосипед уурдаган аракеч

Кичинекей кыздын велосипедин уурдап аны "дарыга" акча жетпей жатат деп көчөдө 300 сомго сатып жиберген кишини сот үч жылга кести. 46 жаштагы ууру буга чейин да соттолгон. 300 сомго ал арак сатып алганы белгилүү болду.

2500 сом үчүн курмандыкка кеткен сегиз жыл

Буга чейин эки жолу соттолгон жаран кечинде мас болуп үйүнө кетип бараткан кызга бычак такап, анын 2500 сомун алып качып кеткен. Бул кылыгы үчүн эми ал сегиз жылдык өмүрүн темир тор артында өткөрөт.

Аялына болушуп….

Чемпионат Омской области по автомногоборью Слалом - Sputnik Кыргызстан
90-жылдардагы жылмайткан, муңайткан кылмыштар. Улам тонолгон элчи, адашкан "Жигули"
Ал күнү ошол көчөдө электр энергиясы өчүп, тургундардын көбү сыртта жүрүшкөн. Дал ушул учурда бир үй-бүлө ызы-чуу болуп көчөгө кубалашып чыгышат. Аялынан артынан чуркап чыккан эркектин оозунан ак кирип, кара ит чыгып чыкканына чыдабаган кошуна аял ага эскертүү берет. Тиги киши кайра аны сөгүп жооп кайтарат. Мындай мамилеге чыдабаган кошуна аялдын жолдошу бок оозду сабап таштайт. Ошентип орто жолдо аялына болушкан эркек үч жылга шарттуу кесилди.

Ал эми чуру-чуунун себепкери болгон киши тергөө учурунда өзүнүн жоругун аялын "балта менен коркутуп коеюн" деп ойлогонун айтып түшүндүрүп берген.

Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат

41 жылдык өмүрүндө бул адам ушуну менен алтынчы ирет сот жоопкерчилигине тартылды. Борбор калаадагы эки батирге ууруга кирип, жалпы суммасы 46 миң сом болгон бир нече уюлдук телефон, банктык карта менен зер буюмдарды алып кеткен. Соттук отурумда шектүү күнөөсүн мойнуна албай, мурда чогуу түрмөдө отурган таанышынын суранычы менен телефонун 1000 сомго сатып бергенин гана айткан. Кандай гана болбосун, эми ал бул ирет беш жылга кесилди.

Милицияга барсаң, энеңди өлтүрөм!

Погранзастава Западная в акватории Калининградского залива - Sputnik Кыргызстан
КРде террордук уюм түзүү үчүн жөнөтүлгөн кыргызстандык жаран кармалды
Буга чейин соттолуп чыккан 23 жаштагы жигит 20дагы досу экөө такси жалдап айылга жөнөшөт. Көздөгөн жерине жеткенде унаанын ээсин катуу сабап, колу-бутун байлап автоунаанын багажнигине салып салышат. "Кың десең сууга чөктүрүп салабыз" деп коркутуп, айдоочунун унаадагы оокаттарын иргей башташат.

Боорлору ооруп кеткенби, айтор, токмоктолгон унаа ээсине бир сэндвич менен суу алып берип, ээн талаага таштап салышат. Телефондон апасынын сүрөтүн көрсөтүп "милицияга барсаң энеңди өлтүрүп кетем" деген боюнча кетишет. Жигитти сот 12 жылга кесип, 10 миң сом айып салды.

Бир жылдан кийин табылган сөөк

Соттолгон жарандын айтымында, маркум аял анын үйлөнүшүнө каршы болуп, милицияга акчамды уурдады, зордуктады деп арыз жазып коркутуп эркектин жанында калуусуна күч үрөп келген. Кылмыш болгон күнү дагы ал келин укук коргоо органдарына кезектеги арызы менен кайрылып, орто жолдо экөө бир пикирге келип иш токтотулган.

Ызаланган жигит мас абалында кечинде анын үйүнө барып, сүйлөшүп отуруп уруша кеткен. Аялдын бир түрткөнү гана билет… Эсине келсе аял эчак дүйнө салган болот. Андан соң эч кимге көргөзбөй сөөктү жерге көөмп, изин жашырат. Ажал тапкан аялдын жакындары аны бир жылдай издеп таппай коюшат. Бул убакыт аралыгында кылмышкер кылган жоругун жашыра албай милицияга келип, окуянын чоо-жайын айтып берет. Жыйынтыгында сот аны он жылга эркинен ажыратты.

Жаңылыктар түрмөгү
0