Кыргызстандык аялды Түркия полициясы сабаган окуянын видеосу ЖМКларга тарады

© AFP / NOEL CELISПротест перед посольством США в Маниле
Протест перед посольством США в Маниле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аял сабап жаткан кадрлар чыккандан кийин, ал дүйнө жүзүнө тарап, эл арасында биртоп талкууларды жаратты.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Анталья шаарында кыргызстандык аялды полиция кызматкерлери сабаган окуянын видеосун түрк ЖМКлары чыгарды. Аны тасмага күбө тартып алган.

Видеодо көрүнүп тургандай, полициянын эки өкүлү кыргызстандык аялды чачынан сүйрөп, желим союл менен сабаган.

Түркиянын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ТИМ: кыргызстандык аялды сабаган түрк полициялары кызматтан четтетилди
Аялга кол көтөрүү фактысы болгондугун Кыргызстандын консулуна Аланья провинциясынын коопсуздук башкы башкармалыгынан тастыкташкан.

Ага зарыл болгон медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлгөндөн кийин өлкөдөн чыгаруу маселеси каралары айтылган.

Son Dakika сайтына аял сабалып жаткан кадрлар чыккандан кийин, ал дүйнө жүзүнө тарап, эл арасында кызуу талкууларды жаратты. Мындан улам Аланьянын укук коргоо органдары өз кызматкерлеринин аракеттерин иликтөөгө алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0