Ысык-Көлдө сарайда өрт чыгып 10 кой, эки уй күйүп кетти

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүКороодогу койлор. Архив
Короодогу койлор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрттөнүп кеткен мал жандык 170 миң сомго бааланды

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Ысык-Көлдө фермердин сарайында өрт чыгып, 10 кой менен эки уй күйүп кеткенин ӨКМден билдиришти.

Кырсык таңкы саат 4.00дөр чамасында Жети-Өгүз районунун Желе-Дөбө айылында болгон. Мал жандыктан сырткары, 200 түк саман дагы өрттөнүп кеткен.

Өрттүн келип чыгуу себептери аныкталып жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча малдын жалпы баасы 170 миң сомду түзөт (2,5 миң доллар).

Жаңылыктар түрмөгү
0