Кыргызстанда ыңгайы келсе жардыруу жасоого даярданган согушкер кармалды

© AP Photo / Dieu Nalio CheryЗадержание Клиффорда Брандта в Порт-о-Пренсе, Гаити
Задержание Клиффорда Брандта в Порт-о-Пренсе, Гаити - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган жаран Сириядагы согуштук лагерлердин биринде күжүрмөн даярдыктан өтүп, ал жактагы өкмөттүк аскерлер менен күрөшүүгө катышкан

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кыргызстанда террордук аракеттерди даярдап жүргөн киши кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран 23 жашта, Жалал-Абад облусунун тургуну жана эл аралык террордук уюмдун мүчөсү болуп саналат.

"Ал 2012-жылы Сириядагы согуштук лагерлердин биринде күжүрмөн даярдыктан өтүп, ал жактагы өкмөттүк аскерлер менен күрөшүүгө катышкан. Эл аралык террордук уюмдун эмиссарынын үгүтү менен Кыргызстанга келип террористтик актыларды даярдоо үчүн "күтүү режиминде" турган", — деп айтылат маалыматта.

Ага карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренесинин 2-бөлүгү ("Жалданмачылык") боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Учурда УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0