09:50 26 Аяк оона 2018
Түз эфир
  • USD69.0754
  • EUR81.2361
  • RUB1.0494
Случаи ДТП в КР

Lexus унаасын ичиндеги 12 жашар кыз менен айдай качкан киши кармалды

CC BY 2.0 / Erik Starck / Driving a car
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
281 0 0

Шектүүнү ШИИБдин Кайгуул милициясынын бөлүм башчысы Айжигит Закиров колго түшүргөн

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Lexus RХ 350 унаасын ичиндеги 12 жашар кыз менен айдай качууга шектүү киши кармалды. Бул тууралуу шаардык Кайгуул милициясынын маалымат катчысы Чолпон Арстанбеков билдирди.

Анын айтымында, окуя бүгүн саат 15:00дөр чамасында катталган.

Lexus RХ 350 унаасынын ээси машинаны токтотуп Ош шаарынын Алиев көчөсүндө жайгашкан дүкөндөрдүн бирине кирген. Унаанын ичинде 12 жаштагы кызы калган. Дүкөндөн чыгып унаасын токтоткон жерден таппай калып, милицияга кайрылган.

Ыкчам аракеттин аркасында Алиев жана Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишинен аталган унааны ШИИБдин Кайгуул милициясынын бөлүм башчысы Айжигит Закиров колго түшүргөн.

Айдай качкан киши 31 жашта экени аныкталды. Учурда териштирүү жүрүп жатат.

Тема боюнча

Ошто унаасын алыш үчүн ээсин тындым кылган кишилер кармалды
Өчпөгөн үмүт, кургабаган көз жаш. Бүгүнкү күнгө чейин табылбай жаткан балдар
Белгилер:
адам уурдоо, дүкөн, Ош
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ