16:41 22 Бирдин айы 2018
Түз эфир
Уруш. Архивдик сүрөт

Милиция унаа ичинен таяк жеген жүргүнчүнүн окуясы тууралуу түшүндүрмө берди

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
274 0 0

Жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин жыйынтыгында 25, 26 жана 28 жаштагы үч киши кармалган

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Таксинин ичинен бычак такап, акча талап кылды деген жүргүнчү такси айдоочусунун такай кардары болгонун шаардык милициядан билдиришти.

Белгилей кетсек, 3-октябрда социалдык тармактын колдонуучусу Токтосун Деңиз түндө "Жорго" таксисине шашылыш түшүп, кийин ага белгисиз кишилер кол салганын жазып чыккан.

Милициянын билдиришинче, жабыркаган жаран 2-октябрда түнкү саат 12:00дөр чамасында белгисиз кишилер аны күч менен машинага салып, Воронцовка айылы тарапка алып барып сабаганын айтып арыз менен кайрылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин жыйынтыгында 25, 26 жана 28 жаштагы киши кармалган.

"Колго түшкөн У.И. аттуу жаран такси кызматынын айдоочусу экенин, жабыр тартты делген киши анын дайымкы кардары болгонун айткан. Сурак учурунда аны менен пикир келишпестиги бар экенин белгилеп, мамилесин аныктоого аракет кылганын кошумчалады", — деп айтылат маалыматта.

Милиция соттук медициналык экспертиза дайындалып, чогултулган материалдардын негизинде жарандардын аракетине юридикалык баа берилерин билдирди.

Тема боюнча

Такси жүргүнчүсүнө бычак такап акча талап кылгандар боюнча милиция иштеп жатат
Белгилер:
коркутуу, такси, тоноо, милиция
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ